• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

ЖК министрлер кабинети менен Япония өкмөтүнүн ортосундагы келишимдерди карады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21.11.24. /Кабар/. Жогорку Кеңеш Кыргызстандын министрлер кабинети менен Япония өкмөтүнүн ортосундагы бир катар келишимдерди карады. Бул тууралуу парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө бөлүмүнөн билдиришти.

Тактап айтканда, жыйынында "2024-жылдын 1-августунда Бишкек шаарында кол коюлган КР министрлер кабинети менен Япониянын өкмөтүнүн ортосундагы "Бишкек шаарындагы үчүнчү деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарында медициналык жабдууларды жакшыртуу" долбоору боюнча алмашуу ноталарын жана КР министрлер кабинети менен Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы "Бишкек шаарындагы үчүнчү деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарында медициналык жабдууларды жакшыртуу" долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, үч окууда кабыл алынды.

Жыйында баяндама жасаган саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бул гранттык макулдашуу саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга, өлкөнүн калкынын ден соолугун коргоого жана чыңдоого багытталганын белгиледи.

Тагыраагы, япон тарап Бишкек шаарындагы үчүнчү деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарында медициналык жабдууларды өркүндөтүү үчүн 1,5 млрд япон иени өлчөмүндө грант берет.

Андан тышкары, "2024-жылдын 1-августунда Бишкек шаарында кол коюлган КР министрлер кабинети менен Япониянын өкмөтүнүн ортосундагы "Эл аралык аэропорттордо аба кыймылын башкаруу каражаттарын жакшыртуу" долбоору боюнча алмашуу ноталарын жана КР министрлер кабинети менен JICA`нын ортосундагы "Эл аралык аэропорттордо аба кыймылын башкаруу каражаттарын жакшыртуу" долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоору үч окууда колдоо тапты.

Мыйзам долбоорунун алкагында JICA тарабынан "Ош" аэропортундагы аэронавигациялык вышканы курууга жана "Манас" жана "Ысык-Көл" аэропротторундагы аэронавигациялык жабдыктарды модернизациялоо үчүн 2 млрд 153 млн япон йенинин болжол менен 1 млрд 147 млн 256 миң 662 сом өлчөмүндөгү грантты алууну жактыруу сунушталууда.

Пикир

Оставить комментарий