• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Жогорку Кеңеш Соцфонддун бюджети жөнүндө мыйзам долбоорлорду биринчи окууда кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 30.11.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “КР Социалдык фондунун 2023-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө” жана “КР Социалдык фондунун 2024-жылга жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө” мыйзам долбоорлорун карады.

Социалдык фонддун төрагасы Бахтияр Алиев бул тармактын финансылык көрсөткүчтөрү боюнча баяндама жасады.

Социалдык фонддун 2023-жылга такталган бюджети кирешелер боюнча 102 137 541,0 миң сом (ИДПдан 9,5%) суммасында же бекитилген бюджеттен 5 907 700,0 миң сомго көп түзүлдү. 2023-жылы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү 62 878 000,0 миң сом суммасында күтүлүүдө. Бекитилген бюджетке салыштырмалуу өсүш 8 392 212,0 миң сомду же 115,4% түзөт.

Республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын түшүшү 2023-жылга 38 148 980,1 миң сом суммасында такталды, бул бекитилген бюджеттен 3 207 809,3 миң сомго аз.

Бахтияр Алиев белгилегендей, Социалдык фонддун бюджетинин чыгымдары 2023-жылга 91 079 349,8 мин сом суммасында такталды, бекитилген бюджетке салыштырмалуу 3 110 490,3 мин сомго же 103,5% көп.

Талкуу маалында депутат Балбак Түлөбаев топтомо фонддон каражат жана укук коргоо органдарынын пенсионерлеринин пенсиясынын өлчөмүн жогорулатуу маселесин көтөрдү. Ал эми эл өкүлү Сүйүнбек Өмүрзаков Социалдык фонддун профицити, пенсиянын өлчөмүн көбөйтүү, маркумдун сөөгүн жайга коюуга компенсация берүүнүн механизмдерине кызыкты. Депутат Гүлшаркан Култаева Социалдык фонддун 2023-жылга карата такталган бюджетине көңүл бурду.

Жыйын суроо-жооп форматында өтүп, жыйынтыгында сунушталып жаткан мыйзам долбоорлору биринчи окууда колдоо тапты.

Пикир

Оставить комментарий