• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Жогорку Кеңеш Төрагасы Ч.Турсунбеков: "Кыргызстан менен Европа Бирлиги ортосундагы байланыш тынымсыз уланууда"

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 20-февраль /Кабар/. Бүгүн, 20-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Европа Бирлигименен Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстанжана Монголия мамлекеттери ортосундагы парламенттик кызматташтык боюнча Европарламенттин тармакты комитетинен келген делегация башчысы Ивета Григулени кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Жогорку КеңешТөрагасы ЧыныбайТурсунбеков Кыргызстан менен Европа Бирлигинин ортосундагы байланыштар тынымсыз уланып жатканын белгилеп: "Жакында эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Белгияга жасаган ийгиликтүү иш сапары акыркы төрт жыл ичинде жасалган үчүнчү иш сапары катары Кыргызстан менен Европа Бирлиги ортосундагытыгыз кызматташтыктын ийгиликтүү өнүгүп жаткандыгын далилдейт. Жооп катары Европарламент депутаттарынын, Германия Федералдык канцлеринин жана тышкы иштер министринин бул жакка келиши Кыргызстан тандап алган өнүгүүжолун европа өлкөлөрү жана институттары толук колдоого алып жатканын көрсөтөт",- деди.

Ошондой эле парламенттер аралык кызматташтыкка токтолгон Жогорку КеңешТөрагасы Кыргызстан эки жактуу байланыштарды арттырууга кызыкдар экендигин белгиледи. "Биздин парламенттер аралык байланыштарыбыз эки тараптуу алакаларыбызды күчөтүүгө жаӊы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Айрыкча бизге европарламенттин тажырыйбасы өтө маанилүү", - дейт ал.

Мындан тышкары, Чыныбай Турсунбеков Европа Кеӊешинин Парламенттик Ассамблеясы 2014-жылы Кыргызстанга ыйгарган "Демократия боюнча өнөктөш" макамын узартуу маселесин колдоого алат деп ишенерин билдирди.

Өз кезегинде Ивета Григуле Кыргызстан Европа Бирлигинин Борбор Азиядагы башкы өнөктөшү экендигин билдирип: "Сиздердин республика тандап алган демократиялык жол жана мыйзамдуу бийлик бул аймактагы башка өлкөлөрдөн өзгөчөлөнүп турат. Биз акыркы беш-алты жылдын ичиндеги демократиялык жетишкендиктерге байкоо жүргүзүп келебиз. Бул албетте, демократияны куруу үчүн өтө кыска убакыт. Бирок, силер көп ири ийгиликтерди багынттыӊыздар",- деди.

Ошондой эле, бир катар татаалдыктарга карабай Кыргызстандагы парламентаризмдин тынымсыз өнүгүп жаткандыгы өзгөчө баага татый тургандыгын айткан Европарламенттин кызматташтык боюнча комитетинин делегация башчысы: " Кыргызстан Европа Бирлигинин колдоосун сезип жатканына ишенебиз. Ал эми парламенттер аралык кызматташтык алакалардын дагы бир мүмкүнчүлүгүн ачат деген ойдобуз",- деп кошумчалады.

Жолугушуунун соӊунда Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков "Европа Бирлиги -Кыргыз Республикасы" парламенттик кызматташтык комитетинин Бишкекте өтчү жыйынына ийгиликтерди каалап, жемиштүү жетишкендиктер болоруна ишенерин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий