• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Жогорку Кеңеш Тогуз-Тородо өрттөнүп кеткен мектеп үчүн техника алууга каражат бөлөт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19.12.24. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда өрттөнүп кеткен мектептин окуучулары үчүн техникаларды сатып алууга каражат бөлөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исатбек кызы үстүбүздөгү жылдын 15-декабрында №11 Саймалуу-Таш жалпы билим берүүчү мектеп толугу менен өрттөнүп кеткенин билдирди.

Ал жаңы мектептин курулушун 2025-жылдын титулдук баракчасына киргизүүнү суранды. Учурда балдар билим алууга шарты жок ашканада, китепканада билим алууда.

Депутат Финансы министрлигине 50 парта, 200 отургуч жана 6 доска алууга каражат бөлүп берүү өтүнүчү менен кайрылды. Ошондой эле ал Билим берүү жана илим министрлигинен 10 компьютер жана 2 принтер берүүнү суранган, бирок алар 5 гана компьютер беришкен.

Буга парламент төрагасы Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан доска, компьютерлерди жана принтерлерди сатып алууга каражат карала турганын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий