Жогорку Кеңеш Улуттук банктын 2023-жылдагы иши жөнүндө отчетун укту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 27.06.24. /Кабар/. Бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында КР Улуттук банкынын 2023-жылдагы иши жөнүндө Улуттук банктын төрагасынын отчету угулду.

Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев маалымат берди. Ал өз сөзүндө Улуттук банктын акча-кредит саясатынын негизги багыттарына, ошону менен бирге банк секторунун учурдагы абалы жана өнүгүү тенденцияларына кеңири токтолду.

Жыйынтыгында Улуттук банктын 2023-жылдагы иши жөнүндө Улуттук банктын төрагасынын отчету жактырылып, Жогорку Кеңештин тиешелүү токтом долбоору кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий