• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандагы бир катар айылдардын аталышы өзгөртүлөт. Парламент мыйзам долбоорун колдоду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 20.09.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында “Баткен, Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын жана Ош шаарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Бул багытта Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев баяндама жасады.

“Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (мындан ары – Мыйзам долбоору) Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагын Молдо Нияз айыл аймагы, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Назаралиев айыл аймагын Үч-Коргон айыл аймагы, Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл аймагынын Дөш айылын Тынчтык айылы, Дүкүр айылын Достук айылы жана Чек айылын Ынтымак айылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ырдык айыл аймагынын Комсомольское айылын Кытай айылы, Ысык-Көл районунун Семеновка айыл аймагын Кожояр айыл аймагы жана Семеновка айыл аймагынын Семеновка айылын Кожояр-Ата айылы деп кайра атоо максатында иштелип чыккан.

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешов айыл менен шаардын аныктамаларын сурап, шаар ичинде айылдардын уюштурулуусун тактады. Депутат калктуу конуштардын макамынын өзгөрүүсү менен ал жерде жашаган тургундардын өздүк документтерин алмаштыруу жагдайына да көңүл бурду. Депутат Русланбек Жакышев айыл статусун алган конуштарды тандоо категориясына кызыгып, Талас облусунун Бейшеке айыл өкмөтүндөгү статус албай жаткан калктуу конуштун көйгөйүн көтөрдү.

Ал эми депутат Сеидбек Атамбаев Аламүдүн районунун Беш-Күнгөй айылындагы конуштун жашоочуларынын маселесин көтөрүп, өздүк документтерин бүтүрө албай жаткан элдин көйгөйүн айтты. Депутат Элмурза Сатыбалдиев көрүнүктүү коомдук ишмер Иманалы Айдарбековдун ысымын Байтик айыл өкмөтүнүн Кайырма айылына ыйгаруу боюнча буга чейин фракция лидерлери жолдогон каттын аткарылышын тактады. Административдик аймактык реформанын аткарылышы боюнча маселени тактаган депутат Нурбек Алимбеков, аймактарда түзүлгөн комиссиянын курамы тууралуу маалымат сурады. Ушул эле маселеге көңүл бурган депутат Надира Нарматова аймактык реформанын жыйынтыкталышын тактады. Депутат Улан Примов Ош облусунун Сары-Таш айыл өкмөтүнүн Нура айылына чек ара статусун берүү маселенине көңүл буруп, бул маселени көзөмөлгө алууга чакырды. Депутат Чингиз Айдарбеков Токтогул районунун Сары-Камыш айыл аймагынын тургундарынын аймактык реформанын алкагындагы суранычын жеткирди. Депутаттар Улан Бакасов, Жалолидин Нурбаев, Мейкинбек Абдалиев Ат-Башы, Араван, Ноокен райондорунун борборлорундагы айылдарга шаар макамын берүү маселесин көтөрдү.

Жыйынтыгында депутаттар аталган мыйзам долбоорун колдоого алышты.

Пикир

Оставить комментарий