• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

ЖК Ысык-Көлдө гидроцикл пайдаланууга тыюу салган мыйзам долбоорун I окууда жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 24.10.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында "КР айрым мыйзам актыларына ("Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу ɵнүктүрүү жөнүндө" мыйзамга, Укук бузуулар жөнүндө кодексине) ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, кабыл алынды.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары Элдар Сулайманов, Элмурза Сатыбалдиев, Нуржигит Кадырбеков, Бактыбек Сыдыков, Марлен Маматалиев демилгелеген.

Демилгечилердин бири Элдар Сулайманов мыйзам долбоорун демилгелөөнүн себеби, акыркы убакта жайкы туристтик сезондо Ысык-Көлдүн аймагында гидроцикл катышкан кырсыктар көп катталып, анын кесепетинен эс алуучулардын арасында адам өмүрлөрү кыйылып жатканы түрткү болгонун билдирди.

Пикир

Оставить комментарий