Бишкек, 18.12.24. /Кабар/. Бүгүн, 18-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Эмгек кодексинин долбоору жана «Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын эмгек чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда каралды.
Парламенттен билдиришкендей, мыйзам долбоорун министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеп, эл өкүлдөрүнүн суроолоруна Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшан Сабиров баштаган жетекчилер жооп беришти.
Белгиленгендей, мыйзам долбоорлору кызматкерлердин жана иш берүүчүлөрдүн кызыкчылыктарынын тең салмактуулугуна жетишүүгө багытталган.
Муну менен катар, эмгек келишиминин жана эмгек мамилелеринин тартибин жөнөкөйлүштүрүү, Кыргыз Республикасында мамлекеттик майрамдардын жана жумуш эмес майрамдардын санын кыскартуу, жаңы жылдык жана май каникулдарын белгилөө, дем алыш күндөрүн которуу ченемин жокко чыгаруу, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн жумуш орундарын квоталоо боюнча атайын иш-чараларды белгилөө болуп эсептелет.
Ошондой эле жыйында “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда кабыл алынды.
Пикир
Оставить комментарий