Жогорку Кеңеште электр менен камсыздоону санариптештирүү боюнча мыйзам долбоору кабыл алынды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12.06.24. /Кабар/. Жогорку Кеңеште электр менен камсыздоону санариптештирүү боюнча мыйзам долбоору кабыл алынды.

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген «2023-жылдын 28-ноябрында Лондон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Электр менен камсыздоону санариптештирүү долбоору) жана Кыргыз Республикасы, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коому менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (Электр менен камсыздоону санариптештирүү долбоору) ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, кабыл алынды.

Жыйында баяндама жасаган Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Ырысбек Атажанов белгилегендей, «Электр менен камсыздоону санариптештирүү» долбоору «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун метрологиялык эсепке алуу паркынын айкындуулугун жогорулатууга жана «Электр энергиясын коммерциялык эсептөөнүн автоматташтырылган тутуму» электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун заманбап автоматташтырылган тутумун киргизүү аркылуу, ошондой эле электр энергиясынын техникалык жоготууларын азайтууга жана ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы керектөөчүлөрдү электр менен камсыздоонун сапатын жакшыртуу үчүн изоляцияланган зымдарга өтүү аркылуу 0,4 кВ бөлүштүрүүчү тармактарды чыңдоо жолу менен электр менен камсыздоого багытталган.

Талкуу маалында депутаттар сунушталган долбоорлорду колдоп, бардык болгон тобокелдиктерди эске алуу менен, макулдашуунун алкагында бөлүнгөн кредиттик каражаттын максаттуу пайдаланылышына тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан көзөмөлдү жүргүзүү зарылдыгын белгилешти. Эл өкүлдөрү Жылдыз Талайбек кызы жана Аманкан Кенжебаев насыянын үстөк пайызына көңүл бурушса, депутат Камила Талиева бул долбоорду колдой турганын белгилеп, электр энергиясынын сапатын жогорулатуу керектигин кошумчалады.

Андан тышкары, жыйында "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Жаза аткаруу кодексине, Кылмыш-жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамдын долбоору экинчи жана үчүнчү окууда колдоо тапты. Демилгечи – министрлер кабинетинин төрагасы.

Муну менен катар Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген "КР Жарандык процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзамдын долбоору экинчи окууда жактырылды.

Пикир

Оставить комментарий