• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Жогорку Кеңеште гендердик теңчиликти камсыз кылуу маселесине багытталган иш-чара өттү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17.01.25. /Кабар/. Жогорку Кеңеште эл өкүлү Эльвира Сурабалдиеванын төрагалыгы алдында «Гендердик теңчиликти камсыз кылуу, аялдар менен кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» аталышындагы тегерек стол өттү.

Парламенттен билдиришкендей, иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Жыйындын ачылышында Эльвира Сурабалдиева Калктын саны жана өнүгүү боюнча парламентчилердин Азия форумунун максаттарына жана ишинин негизги багыттарына токтолду. Алсак, уюмдун артыкчылыктуу милдеттери – гендердик теңчилик, мамлекеттердин социалдык, экономикалык жана саясий турмушуна активдүү катышуу үчүн жаш жарандардын укуктук кепилдиктерин ишке ашыруу болуп саналат.

Өз кезегинде Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев гендердик теңчилик адилеттүү, туруктуу жана тең укуктуу коомду куруунун негизги себеби экенин, ошондой эле социалдык жана экономикалык прогресске жетишүүдө маанилүү фактор экенин баса белгиледи.

«Аялдар билим алууга, саламаттыкты сактоого, экономикалык жана саясий мүмкүнчүлүктөргө бирдей мүмкүнчүлүккө ээ болгондо, алар жашоосун жакшыртып гана тим болбостон, келечек муундардын жыргалчылыгына да оң таасирин тийгизет. Андыктан, Кыргыз Республикасынын Конституциясы адам укуктарын, анын ичинде гендердик теңчиликти камсыз кылууну негизги принцип катары бекиткен», - деди.

Муну менен катар Нурланбек Азыгалиев парламентте Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңеш активдүү иштеп жатканын кошумчалады.

Анын айтымында, кеңештин ишмердүүлүгү гендердик теңчиликти илгерилетүү, балдардын жана аялдардын укуктарынын корголушун камсыз кылуу, бул багытта ченемдик укуктук актылардын аткарылышына көмөк көрсөтүү сыяктуу маселелерди чечүүгө багытталган.

Ал эми «Ыйман Нуру» фракциясынын лидери Динара Ашимова аялдардын укуктарын камсыз кылуу жана аткаруу маселелеринде мыйзамдардагы кемчиликтерге жана боштондуктарга көңүл бурду. Эл өкүлү аялдардын лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик программанын жетишсиз ишке ашырылышына көңүл буруп, ошону менен бирге аялдардын саясий активдүүлүгүн жогорулатуу максатында бир мандаттуу округдары боюнча шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгын белгиледи.

Депутат Илимбек Кубанычбеков өлкөдө аялдарга жана кыздарга карата орун алган дискриминация жана зордук-зомбулук тууралуу сөз кылып, бул гендердик теңчиликке жетүү жолундагы негизги тоскоолдук экенин баса белгиледи. Муну менен катар эл өкүлү бул багытта Жогорку Кеңештин жана тиешелүү мамлекеттик органдардын ишин күчөтүү керек деген пикирин билдирди.

Мындан тышкары, иш-чарада Калктын саны жана өнүгүү боюнча парламентчилердин Азия форумунун директорунун милдетин аткаруучу Фаррух Усмонов, БУУнун Кыргызстандагы Туруктуу координатору Антье Граве сөз сүйлөдү.

Пикир

Оставить комментарий