• 85.2
  • 93.37
  • 0.88

Жогорку Кеңеште күз-кыш мезгилине даярдыктар талкууланды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 09.10.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча министрлер кабинетинин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө маселе каралды.

Парламенттен билдиришкендей, талкуу маалында эл өкүлдөрү Аманкан Кенжебаев, Надира Нарматова көмүргө болгон бааларды туруктуу кармоо үчүн зарыл чараларды көрүүнү сунушташса, депутаттар Нурбек Сыдыгалиев, Таалайбек Сарыбашов Бишкек жана Ош шаарларынын жылуулук электр борборлорун өз убагында жана жетиштүү көлөмдө отун менен камсыз кылуу маселесин ортого салышты. Муну менен катар депутат Таалайбек Сарыбашов айрым жеке үйлөрдү, мончолорду борбордук жылуулук берүү системасына туташтыруу фактыларын эске салып, мындай учурларга жол бербөөгө чакырды.

Эл өкүлү Сүйүнбек Өмүрзаков министрлер кабинетин жылытуу мезгилинде газ менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн тиешелүү чараларды көрүүгө чакырды.

Депутаттар Эмил Токтошев, Гуля Кожокулова Бишкек жылуулук электр борборунда күз-кыш мезгилинен чыгуу үчүн пландалган бардык капиталдык жана учурдагы оңдоо иштерин өз убагында сапаттуу аткарып, ишке киргизүүнү табышташты.

Пикир

Оставить комментарий