• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Шакиев зилзалага байланыштуу Түркиянын Улуу Улуттук жыйынын төрагасына кат жолдоду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 06.02.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Түркиянын түштүк-чыгыш аймагында катталган жер титирөөгө байланыштуу аталган өлкөнүн Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Мустафа Шентопко кат жолдоду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүнөн билдиришти.

Көп адамдын өлүмүнө алып келген каргашалуу кырсык тууралуу кабарды кабатырлануу менен кабыл алганын айткан Нурланбек Шакиев боордош түрк калкына Жогорку Кеңештин атынан көңүл айтты. Ошондой эле жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин тилеп, кыргыз эли ушундай кыйын учурларда түрк эли менен бирге экенин кошумчалады.

Эскерте кетсек, бүгүн таңга маал Түркиянын түштүк-чыгыш аймагында катуу зилзала катталып, кырсыктан көптөгөн адамдар жабыркаган. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, жер титирөөдөн жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок.

Пикир

Оставить комментарий