• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Жогорку Кеңеште "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө" кодекске киргизилип жаткан өзгөртүүлөр каралды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 03.10.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө КР кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Парламенттен билдиришкендей, министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорун транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев тааныштырды.

Анын айтымында, мыйзам долбоорунда төмөнкү жыйымдарды киргизүү каралган: жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун оңдоого жана күтүүгө; жаңы шиналарды жана пневматикалык резина покрышкаларын, мурда колдонулган шиналарды жана покрышкаларды кайра иштетүү үчүн утилдик жыйымдар; майлоочу майларды жана башка майларды кайра иштетүү үчүн утилдик жыйымдар.

"Мыйзам долбоору жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жана жалпы эле жол инфратүзүмүнүн абалын жакшыртуу боюнча милдеттерди андан ары ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн жогорулатуу максатында иштелип чыккан", - деди баяндамачы.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий