Жогорку Кеңештин депутаттары Аксы окуясынын курмандыктарын эскеришти

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 17-мартта, Жогорку Кеңештин депутаттары Аксы окуясында каза болгондорду эскерип, “Ала-Тоо” аянтындагы 2002-жылдагы Аксы жана 2010-жылдагы Апрель окуяларында курман болгондорго арналып тургузулган монументке гүлчамбар коюшту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 2002-жылдын 17-мартында Аксы районунун тургундары ошол учурдагы бийликтин туура эмес жүргүзгөн саясатына каршы чыгып, нааразычылык билдиришкен. Натыйжада жергиликтүү элге ок атылып, алты адам каза болгон жана бир тобу жараат алган.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров дагы Аксы окуясында курман болгондорду эскерип, монументке гүл койгон.

Ошондой эле министрлер кабинетинин жана президенттин администрациясынын жетекчилери, Бишкек шаарынын мэри Эмил Абдыкадыров монументтин алдына гүл коюшту.

Пикир

Оставить комментарий