Жогорку Кеңештин депутаттары Эдил Байсаловдун айткандарын мыйзамдуу деп тапты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28.05.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары бир жылдан кийин КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун айтканын мыйзамдуу деп табышты.

Эскерте кетсек, 2023-жылы июлда Эдил Байсалов Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында депутаттарга "КР министрлер кабинети жөнүндө" КР Конституциялык мыйзамынын негизинде министрлер кабинети президенттин программаларын гана аткара турганын, ал эми Жогорку Кеңештин токтомдору сунуштама мүнөздө гана кабыл алынарын белгилеген.

Мунун негизинде депутат Дастан Жумабеков "КР министрлер кабинети жөнүндө" КР Конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун демилгелеген.

Ал мыйзам долбоору "КР министрлер кабинети жөнүндө" конституциялык мыйзамындагы карама-каршылыктарды жоюу максатында киргизилип жатканын белгиледи.

"Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов министрлер кабинети президенттин программасын гана аткара турганын, ал эми Жогорку Кеңештин токтому Конституция боюнча сунуштама мүнөзгө ээ экенин эсибизге салган. Анын айтканы туура болуп чыкты, анткени бул конституциялык мыйзамда каралган. Бул көйгөйдү жоюу максатында ушул мыйзам долбоору киргизилүүдө", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий