• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Парламенттин жыйынында Абдикаримов 83 медкызматкер коронавирус жуктургандыгын билдирди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14.04.20. /Кабар/. Коронавирус жуктуруп алган медицина кызматкерлеринин саны 83кө жетти. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелдеги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин биргелешкен отурумунда саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Анын айтымында, алардын ичинде дарыгерлер, медайымдар жана кенже тейлөөчү персонал бар.

Депутат Айнура Аскарова белгилегендей, ага коронавирус жуктуруп, ооруканада жаткан медиктер телефон чалган. “Мага медиктер кан кусуп атып алардын оброюн коргоп берүүсүн суранышты. Бул чочулоону жаратууда”, - деди ал.

Министр билдиргендей, бул маселе тыкыр көзөмөлгө алынды. “Ооруга чалдыккан ар бир адамдын психологиясы өзгөрөт. Биз бейтаптарды колдоо максатында психологдорду тартуудабыз. Биз максималдуу чараларды көрүп жатабыз. Ошондой эле жакынкы арада ооруканада жаткан медиктер менен жолугушууга барам”, - деди Абдикаримов.

Пикир

Оставить комментарий