Жогорку Кеңештин депутаттары эки айлык каникулга тарады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 01.07.22. /Кабар/. 30-июнда VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи сессиясынын жабылуу аземи болду.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Конституциянын 83-беренесине жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» мыйзамдын 34-беренесине ылайык, VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи сессиясы жабык деп жарыялады.

Андан соң Улуттук гвардиянын үйлөмө аспаптар оркестринин коштоосунда мамлекеттик гимн аткарылды.

Пикир

Оставить комментарий