• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

Жогорку Кеңештин комитети кесипкөй эмес психологиялык кызматтарды жарнамалоого тыюу салган мыйзам долбоорун жактырды

Коом 0

Бишкек, 14.10.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында “Жарнак жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда жактырылды. Бул тууралуу парламенттин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүнөн билдиришти.

Мыйзам долбоору депутаттар Бактыбек Сыдыков, Гүлшаркан Култаева жана Марлен Маматалиев тарабынан демилгеленген.

Мыйзам долбоорун комитеттин төрайымы Винера Раимбачаева сунуштады. Анын айтымында, мыйзам долбоору жарнактын айрым түрлөрүн жөнгө салуу максатында иштелип чыккан. «Учурда тиешелүү кесиптик даярдыгы жок курстар, тренингдер жана консультациялар сыяктуу психологиялык кызматтарды көрсөткөндөрдүн санынын өсүү тенденциясы байкалууда. Натыйжада психологиялык кызматтардын рыногу компетентсиз адистердин санына толду», - деди ал.

Белгиленгендей, мындай кызматтарды көрсөткөн адамдар көбүнчө социалдык тармактарда өз кызматтарын жарнамалашат. Буга байланыштуу мыйзам долбооруна жашы жете электерди жана жарандарды коргоо максатында чектөөлөрдү киргизүү сунушталууда.

Пикир

Оставить комментарий