• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Сүйүн Өмүрзаков Кытай элчилигинин кеңешчиси - кичи элчиси Ли Баоцзе менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 05.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын 5-август күнү Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчиси - кичи элчиси Ли Баоцзе менен жолукту. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тараптар кыргыз-кытай алакаларын жана кызматташтыкты бекемдөө боюнча маселелерди талкуулашты.

Жолугушууга Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин алдындагы Коомдук коопсуздук министрлигинин расмий өкүлү, кеңешчи Цай Чжисюн, анын орун басары, үчүнчү катчы Фань Цзюньвэй, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги Нурбек Жангабылов дагы катышты.

ИИМдин башчысынын биринчи орун басары учурашуу сөзүндө кыргыз милициясы Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин, Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министрлигинин колдоосу менен Кытай Эл Республикасы тарабынан көрсөтүлүп жаткан жардамдарды, достук жана жылуу мамилени жогору баалай тургандыгын баса белгиледи.

"Эки тараптуу мамилелер жөнүндө айта турган болсом, биздин министрлик менен Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин жана Коомдук коопсуздук министрлигинин ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыктын оң динамикасын баса белгилегим келет”, - деди Сүйүн Өмүрзаков.

Мындан тышкары, министрдин биринчи орун басары Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин алдындагы Коомдук коопсуздук министрлигинин расмий өкүлүнө узак мөөнөттүү өнөктөштүгү, ошондой эле эки мамлекеттин укук коргоо органдарынын өз ара аракеттенүүсүн жана кызматташтыгын өнүктүрүүгө жумшаган аракети үчүн ыраазычылык билдирди.

Сүйүн Өмүрзаков Цай Чжисюндын Кыргызстандагы миссиясынын аяктап жаткандыгын өкүнүү менен кабыл алгандыгын айтып, ага ийгилик, тынчтык, бакубатчылык каалады.

Андан ары тараптар эки тараптуу кызматташтыктын келечегин талкуулашып, эки мамлекеттин коомдук тартибин жана жарандарынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын укук коргоо органдарынын ортосундагы практикалык өз ара аракеттенүүнү жана өнөктөштүктү мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий