Бишкек, 17.12.24. /Кабар/. Күн мурун Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында “Социалдык фонддун 2024-жылга жана 2025-2026-жылдарга пландык мезгилине бюджети жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жана “Социалдык фонддун 2025-жылга жана 2026-2027-жылдарга пландык мезгилине бюджети жөнүндө” мыйзам долбоорлору каралып, экинчи жана үчүнчү окууда колдоого ээ болду.
Мыйзам долбоору министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген.
Мыйзам долбоорлору тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бахтияр Алиев маалымат берди. Анын айтымында, Социалдык фонддун 2024-жылга такталган бюджети 110 млрд сомдон ашык суммада белгиленген. 2025-жылга Социалдык фонддун бюджети 117 млрд сомдон ашык суммада каралууда.
Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев социалдык фонддун бюджетинин параметрлерине, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөндөрдүн санына өзгөчө көңүл бурду. Депутат Эмил Токтошев Кыргызстанда жашоо минимумун эске алуу менен пенсиянын минималдуу өлчөмүн көбөйтүү зарылдыгын көтөрдү.
Пикир
Оставить комментарий