• 84.2
  • 94.34
  • 0.9

Жогорку Кеңештин төрагасы кыргызстандыктарды Карылардын эл аралык күнү менен куттуктады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 01.10.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев кыргызстандыктарды Карылардын эл аралык күнү менен куттуктады.

Төмөндө төраганын куттуктоосу:

Кадырлуу карыялар!

Ардактуу аталар жана апалар!

Сиздерди Жогорку Кеңештин жана жеке өзүмдүн атымдан 1-октябрь – Карылардын эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Байыртан кыргыз эли “Карысы бардын ырысы бар” – деп, карыяларды төрдүн көркү, үйдүн тиреги катары кадырлашкан. Айрыкча ак сакалын жайкалткан аталар, ак элечекчен энелер акыл казынасы, кеп кенчи болуп, бир үй бүлөнүн гана эмес, жалпы журттун сыймыгы саналышкан. Ошондой эле биздин элде карыны таштамак түгүл, улага олтургузуу уят иш катары каралып, улгайган адамдын астынан кыя өтүү жосунсуз жорук деп эсептелген. Мына ушундай жазылбаган нарк элибиздин келечегине жол чырак болуп, урпактан урпакка уланып келген. Тилекке каршы соңку жылдары уул-кызы бар туруп, Карылар үйүндө калган карыялардын көбөйүп бара жаткандыгы өкүндүрөт. Аштык таппай, бир күкүм нанга зар болгон кыйынчылык учурда да ата-энесин таштабаган элдин урпактары үчүн мындан өткөн уят иш жок. Ата-энебизди карыганда кадырласак, өзүбүз улгайганда да уул-кызыбыздан ошондой урмат-сый көрөрүбүздү унутпашыбыз керек. Карыбызга карабасак, кийин балдарыбыз да кайрымсыз болору анык.

Ардактуу мекендештер!

Карыяларга кам көрүү мамлекеттик саясатыбыздын артыкчылыктуу багыттарынын бири экени талашсыз чындык. Алсак, Президентибиздин жеке тапшырмасы менен бүгүнтөн тарта пенсиянын көлөмү дагы көбөйтүлүп, карыларга кам көрүү жигердүү улантылууда. Ал эми Жогорку Кеңеш өз ыйгарым укуктарынын алкагында улгайган жарандарыбыздын жашоо-шартын жакшыртууга багытталган мыйзамдарды кабыл алып, бардык сунуш-демилгелерди колдоп келет. Бул албетте чек эмес. Азыркы жаркын жашообуз үчүн жаш кезинде каруусун казык, жанын азык кылган ата-энелерибиз чексиз камкордукка татыктуу.

Кымбатуу карыялар!

Сиздер өткөн менен келечектин көпүрөсү эле эмес, эгемен мамлекетибиздин түндүгүн көтөргөн түркүксүздөр. Берген ак батаңыздар, айткан акыл-кеңешиңиздер менен калкыбыз түздөлүп, өлкөбүз өргө өйдөлөй берери анык.

Дагы бир жолу майрамыңыздар менен! Сиздерге бекем ден соолук, дөөлөттүү карылык тилейм! Уул-кыз, небере-чөбөрөлөрдүн маңдайында, журтубуздун сыймыгы, элибиздин каймагы болуп аман жүрүңүздөр!

Пикир

Оставить комментарий