• 87
  • 90.41
  • 0.84

Жогорку Кеңештин төрагасы кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады

Коом 0

Бишкек, 21.03.22. /Кабар/. КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов кыргызстандыктарды Нооруз элдик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Төмөндө ЖК төрагасынын куттуктоосунун текстин келтиребиз:

"Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан улустун улуу күнү саналган Нооруз майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Күн менен түн теңелген Нооруз майрамын бабаларыбыз жаздын келиши гана эмес, жаӊы күндүн, жаӊы жашоонун башталышы катары белгилеген. Жаздан жаңыланууну, жайдан берекени, күздөн токчулукту, кыштан аманчылыкты тилеп, Жараткандан жакшылыктарды сураган. “Жер жарылып чөп чык, желин айрылып сүт чык” деп токчулукту ниет кылып, бири-бирине аруу тилектерин арнашкан. Салтка жараша жети түрлүү даам кошулган сүмөлөк жасалып, дасторконго коюлган. Улуттук оюндар ойнолуп, бабалардын бай мурасы даӊазаланган. Бул майрам ушунусу менен кызыктуу, ушунусу менен барктуу!

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Жаздын бир күнүн текке кеттирбей, жалпыбыз билек түрө эмгек кылалы. Ар бирибиз мамлекет үчүн пайдалуу иш жасап, гүлдөгөн Кыргызстанды куралы! Түшүм мол болуп, келерки жазга жетсин! Жараткан журтубузга тынчтык, жергебизге береке берсин!

Жаӊы жылдын келгенин жар салып, жакшы тилек-үмүттөрдү сунган Нооруз майрамы кут болсун!"

Пикир

Оставить комментарий