• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Жогорку Кеңештин төрагасы Шакиев Валентина Матвиенко жана Вячеслав Володинге көңүл айтты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 24.06.24. /Кабар/. Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев Россия Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко жана Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володинге Дагестандагы террактка байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жолдоду.

Анда мындай деп айтылат:

"23-июнда Дагестанда катталган террактын кесепетинен адамдардын каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдык.

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, бардык жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин тилейм”.

Пикир

Оставить комментарий