• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Депутаттар КРнын чет өлкөдөн алимент өндүрүү боюнча конвенцияга кошулуусу тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 05.04.23./Кабар/. Жогорку Кеңештин 5-апрелдеги жыйынында “2007-жылдын 23-ноябрында Гаагада кабыл алынган Балдарга алименттерди өндүрүп алуунун эл аралык тартиби жана үй-бүлөнү багуунун башка формалары жөнүндө конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева белгилегендей, мыйзам долбоору КРнын башка мамлекеттер менен балдарга алименттерди өндүрүүнүн эл аралык тартиби жана үй-бүлөнү багуунун башка формалары боюнча мамлекеттик ички жол-жоболорду ишке ашыруу максатында кызматташтыгын өркүндөтүүгө багытталган.

“Тагыраагы, Америка Кошмо Штаттарынын аймагында жашап жаткан Кыргыз Республикасынын карызкор жарандарынан алиментти өндүрүү боюнча маселени чечүүгө көмөк көрсөтүү максатталууда” ,– деди министрдин орун басары.

Талкуу маалында депутат Карим Ханджеза Кыргызстан 1956-жылы чет өлкөдөн алименттерди өндүрүү байланышкан конвенцияга кошулганын белгилеп: “Биз ага канчалык натыйжалуу катыша алдык?” – деген суроо узатты.

Өз кезегинде министрлер кабинетинин өкүлү эч кандай иш жүргүзүлбөгөндүгүн билдирди.

Депутат Русланбек Жакышов алименттерди төлөөдөн баш тартуу болгон учурда кандай чаралар колдонуларына кызыкты.

“Андай учурда 20 миңден 50 миңге чейин айып салынат же коомдук жумуштарга тартылат” – деди тиешелүү министрликтин өкүлү.

Ошондой эле депутат Надира Нарматова мыйзам долбоорун колдой турганын билдирип, алимент төлөбөй качып жүргөндөр өтө көп экенин жүйө келтирди.

Андан тышкары, депутат Мейкинбек Абдалиев Кыргызстан бул конвенцияга кошулсак канча мамлекет менен иш алып баруу мүмкүнчүлүгү түзүлөрүн сурады. Ал эми Жаңыл Алыбаева конвенцияга 79 өлкө кошулганын маалымдады.

Жыйынтыгында мыйзам долбооруна добуш берилип, биринчи окууда кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий