• 87
  • 90.41
  • 0.84

Жогорку окуу жайларына кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТ ноябрдын аягында өтөт

Билим 0

Бишкек, 14.11.22. /Кабар/. Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн Жалпы республикалык тестирлөө үстүбүздөгү жылы 26-27-ноябрында өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 25-ноябрь - тестирлөө борборлорун даярдоо күнү. Ушул эле күнү 25-ноябрда тест борборлорунун базасында саат 13:00дөн 17:00 гө чейин абитуриенттерди кошумча каттоо жүргүзүлөт.

Тестирлөө борборлору:

- Бишкек шаарындагы №72 орто мектеби;

- Бишкек шаарындагы №95 окуу-тарбия комплекс мектеп-гимназиясы;

- Ош шаарындагы “Жетиген” мектеп-лицейи.

"Каттоого мамлекеттик үлгүдөгү документтер менен ырасталган жалпы орто же кесиптик орто билими бар жана учурда 2022-2023-окуу жылында ЖОЖдордо окубаган адамдарга уруксат берилет", - деп айтылат билдирүүдө.

Алдын ала өтүнмөлөр боюнча, 49 жогорку окуу жай кышкы кабыл алууну өткөрөт. Алардын ичинен: 17 мамлекеттик, 33 мамлекеттик эмес жогорку окуу жайлар. Кышкы кабыл алуу боюнча ЖОЖдордун жана багыттарынын тизмеси https://edu.gov.kg/https://edu.gov.kg/posts/1020/ сайтында.

Пикир

Оставить комментарий