• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Жогорку сот Албек Ибраимовду камакта калтырды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.08.18. /Кабар/. КР Жогорку соту Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимовду камакта калтырды. Мындай чечим бүгүн Жогорку соттун коллегиясында кабыл алынды.

Эске сала кетсек, 13-июлда Бишкек шаардык кеңештин (БШК) депутаттары жыйында Бишкектин мэри Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрүп чыгышып, бир добуштан кызматтан кетиришкен.

Кийинчерээк Ибраимов бир нече кылмыш иши боюнча шектүү катары кармалып, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына алынып келинген.

Ибраимовдун баш коргоо чарасы каралып, УКМКнын СИЗОда кармоо чечими кабыл алынган. Мурдагы калаа башчынын жактоочулары аны өзгөртүүгө аракет кылышкан, бирок Бишкек шаардык соту жана Жогорку сот алардын өтүнүчүн канааттандырган жок.

Пикир

Оставить комментарий