Бишкек, 20.11.19. /Кабар/. Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев ЮСАИДдин “Укук булагы” долбоорунун жетекчиси Фред Хьюстон менен жолугушту.
Ведомстводон маалымдашкандай, анда тараптар сот тутумундагы жүргүзүлүп жаткан реформалар, ошондой эле “Укук булагы” долбоорунун алкагында мындан аркы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын карашты.
Мындан тышкары, сот системасын өркүндөтүү үчүн эл аралык системанын инструменттерин пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн, соттордо ишти активдүү жүргүзүүнүн практикалык аспектилерин талкуулашты.
Пикир
Оставить комментарий