Бишкек, 16.12.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев Кадамжай райондук сотуна барды.
Ведомстводон билдиришкендей, иш-чаранын жүрүшүндө Кадамжай райондук сотунун төрагасы Марклен Нармырзаев Жогорку сот органынын башчысына аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.
Белгиленгендей, кеңешменин жүрүшүндө электр энергиясынын өчүрүлүшү "Сот" автоматташтырылган маалыматтык системасынын ишине терс таасир тийгизип жатканы айтылды. Сот департаментинин облустук башкармалыгынын башчысы Кубатбек Маликов генератор маселеси чечиле электигин билдирди.
Ошондой эле Медербек Сатыевге судьялар үчүн курулган үйлөр иштеген жеринен алыс, инфраструктурасы жок жана мамлекеттик чек арага жакын жайгашкандыгын маалымдашты.
Андан соң төрага иш бөлмөлөрдүн, архивдин жана соттун кеңсесиндеги эмгек шарттары менен таанышты.
Медербек Сатыев соттун ишмердүүлүгү менен таанышып чыккан соң, Кадамжай райондук сотунун жанына сотторго нааразычылыгын билдирип чогулган эл менен жолугушту.
Жогорку соттун төрагасы ар бир иш боюнча Баткен облустук сотунун төрагасына мыйзам чегинде карап берүүнү тапшырды.
Пикир
Оставить комментарий