• 87
  • 90.63
  • 0.79

Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев Кытай элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 05.11.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда Медербек Сатыев Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы тыгыз достук мамилелерди белгилеп, эки мамлекеттин жетекчилеринин кыргыз-кытай мамилелерин өнүктүрүүгө багытталган ишмердиги, ошондой эле элчинин түздөн-түз колдоосу жана салымы менен эки өлкөнүн Жогорку сотторунун эки тараптуу кызматташтыгы активдүү өнүгүп жаткандыгын баса белгиледи.

"Акыркы жылдары Кыргызстандын Жогорку соту менен Кытай эчилигинин кызматташуусу жаңы деңгээлге чыкты. Бирок биздин өз ара мамилелерибизди дагы ийгиликтүү жана натыйжалуу кылуу үчүн алдыда көптөгөн иштер турат", - деди ал.

Жолугушуу учурунда Жогорку соттун төрагасы Кытай элчиси Ду Дэвэнге сот тутумунун өнүгүүсүнө кошкон зор салымы жана Кытай Жогорку элдик соту менен тыгыз достук мамилелерди чыңдоого кошкон салымы үчүн «Кыргыз Республикасынын сот тутумуна 100 жыл» медалын ыйгарды.

Ошондой эле тараптар сот системаларынын ортосундагы өз ара кызматташтыктын алкагында жаңы технологияларды колдонуу боюнча тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн жана башка багыттарын талкуулашты.

Өз кезегинде, Ду Дэвэнь эки мамлекеттин укуктук багыттагы байланыштары мындан ары бекемделе турганына жана эки өлкөнүн Жогорку сотторунун кызматташтыгы улана турганына ишенимин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий