• 87
  • 90.41
  • 0.84

Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова Аксы райондук сотунун кызматкерлери менен жолукту

Укук тартиби 0

Бишкек, 31.07.21. /Кабар/. Бүгүн, 2021-жылдын 31-июлунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Нургүл Бакирова Жалал-Абад облусуна болгон иш сапардын алкагында Аксы райондук сотунда болду. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Аксы райондук сотунун төрагасы Манасбек Дарманкулов төрайымды тосуп алып, соттун имараты жана ишмердүүлүгү менен тааныштырды.

Төрайым сот системасындагы жүргүзүлүп жаткан реформалар, өзгөрүүлөр туурасында маалымат берди.

Райондук соттун судьяларын иштерди кароо сапатын жогорку деңгээлге көтөрүүнү, мыйзамдуулукту бекем сактоо менен иш алып баруусуна чакырды. Мындан тышкары, иштерди кароодо процессуалдык мөөнөттөрдү бекем сактоону, соттук актыларды өз убагында жазып тараптарга тапшырууну жана кабыл алынган соттук актылардын аткарылышын ар бир судья көзөмөлгө алуу жагын милдеттендирди.

Судьяларды жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, коомчулук менен биргеликте иш алып барып, соттук талаш-тартыштардын алдын алууга, сот адилеттигин ишке ашырууда бирдей тажрыйбага жетишүүгө, элдин сот тутумуна болгон ишенимин жогорулатууга багытталган бир катар маанилүү маселелерге токтолду. Ошону менен бирге сот кызматкерлерин жарандар менен иш алып барууда ар дайым сылык жана маданияттуу мамиле кылууга үндөдү.

Мындан мурдараак төрайым Нургүл Бакирова Жалал-Абад облусундагы алыскы Тогуз-Торо райондук сотунун жаңы имаратын ачууга катышкан.

Пикир

Оставить комментарий