• 86.5
  • 90.34
  • 0.85

Жогорку соттун төрайымы сот системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Коом 0

Бишкек, 05.03.20. /Кабар/. Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева сот системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

КР Жогорку соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, куттуктоо текстинде төмөнкүдөй айтылат:

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын Сот системасынын кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Судьялык кесип — акыйкаттыкты, кесипкөйлүктү, чыдамкайлыкты талап кылган ардактуу кесип.

Эл адилеттик издеп, сотко гана чоң үмүт артат жана элдин үмүтү-тилеги мыйзамдуу чечимдер менен гана канааттандырылат. Андай чечимдерди кабыл алуу бир гана судьянын билиминен эмес, айрыкча анын ыйманынан, абийиринен, ички маданиятынан жана адамгерчилигинен көз каранды экендигин унутпашыбыз керек.

Бул бизге болгон талаптын өтө жөнөкөйлүгү, ошол эле учурда татаалдыгы менен такталып жатат.

Көз карандысыз судья — адилет сот тутумунун кыймылдаткыч күчү, адилет сот тутуму — күчтүү мамлекеттин белгиси, зоболосу!

Бул күнү сиздерге чың ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт-таалай жана жооптуу ишиңиздерге ийгилик каалайм!

Пикир

Оставить комментарий