• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Жол боюнда башаламан соода-сатык жүргүзгөндөргө 657 миң сом айып салынды

Коом 0

Бишкек, 10.12.24. /Кабар/. Жол жээгинде башаламан соода-сатык жүргүзгөндөргө 657 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлигинин эки айлык иш-мерчемине ылайык, ЖКККББнын Жол көзөмөлдөө бөлүмү жол боюндагы жол кыймылынын башка катышуучуларына тоскоолдуктарды жаратып, башаламан соода-сатык жүрүзгөн жарандарга карата рейддик иш-чара жүргүздү.

Рейд учурунда жол жээгинде мөмө-жемиштерди, курулуш материалдарын, күйүүчү майларды жана суусундуктарды мыйзамсыз сатып жаткан учурлар аныкталды.

Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча башаламан соода-сатык кылган жарандарга карата 220 тийиштүү протоколдор түзүлүп, жалпы 657 миң сом айып пул салынды.

Пикир

Оставить комментарий