• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

“Коопсуз шаар” долбоорунун 9 ай ишинин жыйынтыгында 497 млн сом чогултулду

Коом 0

Бишкек, 10.12.19. /Кабар/. “Коопсуз шаар” долбоорунун 9 ай ичиндеги ишинин жыйынтыгында 497 млн сом чогултулду. Бул тууралуу “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Соттук реформа боюнча кеңештин 3-жыйынында ички иштер министри Кашкар Жунушалиев билдирди.

Анын айтымында, “Коопсуз шаар” долбоору боюнча 4-марттан 30-ноябрга чейин 858 миң жол кыймылынын эрежелерин бузуулар катталган. Бузууларга айыппул 497 млн 635 миң же болбосо 49,2 %ды түздү. “Бул “Коопсуз шаар” долбоорунун биринчи этабынын гана жыйынтыктары”, - деп белгиледи ал.

Ошондой эле Жунушалиев, азыркы учурда 306 аппараттык-программалык комплекстерди орнотуу боюнча иш жүрүп жаткандыгын, алардын 266ы стационардык жана 40ы көчмө экендигин кошумчалады.

“Коопсуз шаар”долбоорунун жыйынтыгында жол эрежелерин бузуулар жана жол кырсыктары Бишкек шаарында 40%га, ал эми Чүй облусунда 50%га кыскарды”, - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий