• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чүй облусунда жыл башынан бери 15 адам өлтүрүү жана 21 зордуктоо катталып, бардыгынын бети ачылган

Коом 0

Бишкек, 24.04.18. /Кабар/. Чүй облусунда жыл башынан бери 15 адам өлтүрүү жана 21 зордуктоо катталган. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйында Чүй облустук ИИББ жетекчиси Нурлан Сарчаев билдирди.

Анын айтымында, жалпысынан үстүбүздөгү жылдын I кварталында 958 кылмыш иши катталган. Алардын ичинен 708нин бети ачылып, 353 ачылган эмес.

Сарчаев билдиргендей, Чүй облустук ИИББинин Криминалдык милиция кызматы жаатында 824 кылмыш катталса, алардын 674нүн бети ачылган. 97 оор жана өзгөчө оор кылмыштар катталып, бети ачылганы 92. Анын ичинде 38 өзгөчө оор кылмыш болсо, 36нын бети ачылган.

“15 адам өлтүрүү жана 21 зордуктоо катталып, бардыгынын бети ачылган. Катталган 20 тоноо фактысынын 17си ачылган. Кол салуу 6, бети ачылганы – 5. Уурдоо 471, анын 328нин бети ачылган. Мал уурдоо боюнча 30 факты катталып, 24ү ачылган. Унаа уурдоо – 9, бардык фактынын бети ачылган”, - деп билдирди ИИББ башчысы.

Пикир

Оставить комментарий