Жол инспекторлору Нооруз майрамы учурунда күчөтүлгөн тартипте иштөөдө

Коом 0

Бишкек, 21.03.24./Кабар/. Нооруз майрамы учурунда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) күчөтүлгөн тартипте жол коопсуздугун камсыздоодо.

ЖКККББнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, айрыкча Бишкек шаарындагы майрамдык иш-чаралар учурунда жана Чүй облусунун аймагындагы ат майданында призиденттин кубогуна арналган көк-бөрү оюну учурунда коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздап, жол тыгындарын болтурбоо боюнча иш-чараларды алып барышууда.

Азыркы учурда өлкө аймагында оор кесепеттер менен коштолгон жол кырсыгы катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий