• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Жол инспекторлору оор жүк ташуучу унааларды текшерүүдө. Биринчи күнү 160 миң сом айып салынды

Коом 0

Бишкек, 15.08.23. /Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) жол көзөмөлдөө бөлүмү оор жүк ташуучу унааларды текшерүүдө.

ЖКККББнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, "Кооптуу жүк" аталыштагы рейддик иш-чаранын алкагында күйүүчү май ташыган, жарылып кетүү коркунучу бар заттарды ташыган, газ ташыган, радиоактивдүү уулу заттарды ташыган оор жана кооптуу жүк ташыган унаалар текшерилүүдө.

Рейддин жүрүшүндө коопсуздук эрежелерин толук кандуу сактабаган оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына карата жалпы 160 миң сом айып салынды.

Рейддик иш-чара 15-17-август күндөрү өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий