• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте №23, 56 автобус каттамдарынын кыймыл өзгөртүлдү

Коом 0

Бишкек, 24.07.24. /Кабар/. Бишкекте бүгүн, 24-июлдан тарта №23 жана №56 автобус каттамдарынын кыймыл чиймеси жарым-жартылай өзгөрдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, тургундардын кайрылуусуна ылайык, Пишпек районун камтыган №4 автобустук каттам иштеп баштаганына байланыштуу, №23 автобустук каттамдын кыймыл чиймеси жарым-жартылай өзгөртүлдү.

Эми каттам Жайыл баатыр көчөсүнөн Селекция, Муромский, Гагарин жана Репин көчөлөрү менен Л.Толстой көчөсүнө чейин барат.

Мындан тышкары, №56 автобус каттамынын кыймыл чиймеси жарым-жартылай өзгөртүлдү.

Аталган каттам Манас проспектисинен Чүй проспектиси, Фучик көчөсү, Коммунаров көчөсү, Жибек Жолу проспектиси аркылуу өтөт.

Пикир

Оставить комментарий