Бишкек, 27.10.18./Кабар/. Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында күмүш утту.
19 жаштагы кыргызстандык 55 килограммга чейинки салмактык категорияда беттештерге чыккан. Жарым финалда Түркиянын спортчусу Экрем Озтуркту 9:0 эсебинде жеңип алган.
Финалдык беттеште Азербайжандык мушкер Эзданиз Азизлиден (10:0) утулуп калган.
Бул аталган чемпионатта Кыргызстандын эсебиндеги алгачкы медаль.
Пикир
Оставить комментарий