• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Жоламан Шаршенбеков Польшада өтүп жаткан мелдеште алтын медаль тагынды

Спорт 0

Бишкек, 20.06.24. /Кабар/. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Жоламан Шаршенбеков Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open атындагы эл аралык турнирде алтын медаль жеңди.

Мелдештер 19-24-июнь күндөрү Польшанын Варшава шаарында өтүп жатат.

Кыргыз балбаны финалга чейин алжир жана польшалык спортчуларды артка калтырган.

Шаршенбеков финалда украиналык спортчуну 9:1 эсебинде утуп, алтын медалга татыды.

Пикир

Оставить комментарий