• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Жоламан Шаршенбеков өз салмак категориясында күрөшүүнү улантат

Спорт 0

Бишкек, 13.08.24. /Кабар/. Жоламан Шаршенбеков 60 килограммга чейинки салмак категориясында күрөшүүнү улантат. Бул тууралуу спортчу КРнын Олимпиада курамасынын катышуусунда маалымат жыйынында билдириди.

Ал өзүнүн салмагында Олимпиада оюндарын жеңсе гана 67 килограммга чейинки салмак категориясына өтүүнү пландап жатканын айтты.

"Мен коло медалдын гана жеңүүчүсү болдум. Ушуга байланыштуу башка салмак категориясына өтүү тууралуу сөз кылуу али эрте деп ойлойм. Команда менен бардык күрөштөрүмө анализ жүргүзүп, анан чечим кабыл алабыз", - деди ал.

Белгилей кетсек, Жоламан Шаршенбекоыв 26-июлдан 11-августка чейин Франциянын Париж шаарында өткөн Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча коло медаль жеңип алган.

Пикир

Оставить комментарий