• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Азия биринчилигинин тандоо туру (U-23): Кыргызстан экинчи беттешинде да утулуп калды

Спорт 0

Бишкек. 25.03.19 /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы 2020-жылы өтө турган Азия биринчилигинин (U-23) тандоо турундагы экинчи беттешинде Иорданияга утулуп калды. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынан билдиришти.

Беттеш кечээ күнү болуп өтүп, Кыргызстан 0:3 эсебинде жеңилип калган.

Эске салсак, 22-26-мартта Кыргызстан Азия биринчилигинин (U-23) финалдык баскычына өтүш үчүн Сирия, Иордания жана Кувейттин командаларына каршы оюн өткөрөт.

Эми 26-мартта кыргызстандык футболчулар Кувейттин курамасы менен беттешет.

Пикир

Оставить комментарий