• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Олимпиада-2024. Жоламан Шаршенбеков жарым финалда жеңилүү ызасын тартты

Спорт 0

Бишкек, 06.08.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Париждеги Олимпиада оюндарында кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков финалга чыга албай калды.

Жарым финалда спортчу Жоламан Шаршенбеков 60 кг салмак ченинде япониялык Кеничиро Фумита менен кез келди. Кыл чайнашкан кармашта кыргыз балбаны 3:4 эсебинде жеңилип, финалга чыгуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарып жиберди.

Жоламан Шаршенбеков буга чейин 1/4 финалда румыниялык балбан Арнаут Разван менен күрөшүп, 9:0 эсебинде утушка ээ болгон.

Ал 1/8 финалда болсо, Шаршенбеков казакстандык Айдос Султангалини 6:3 эсебинде жеңген.

Эми жубатуучу беттештер жана медаль үчүн мелдештер бүгүн, 6-августта өтөт.

Пикир

Оставить комментарий