Жолдорду оңдоо, ККМди ишке киргизүү. Бишкек мэриясында координациялык кеңешме өттү

Коом 0

Бишкек, 11.06.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин жетекчилиги алдында борбор калаанын муниципалитетинде координациялык кеңешме өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, кеңешмеде борбор калаанын негизги жолдорун капиталдык оңдоо, ошондой эле базарлардагы учурдагы абал талкууланды.

Жыйынга мэрдин орун басарлары, муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери, райондун акимдери, Бишкек шаарынын райондук салык кызматынын жетекчилери жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышты.

Борбор калаанын негизги көчөлөрүндө эки жумадан ашык убакыттан бери оңдоо иштери кызуу жүрүп жатат. Айбек Жунушалиев транспорт блогунун жетекчилерине негизги жолдорду оңдоону 2024-жылдын 31-августуна чейин бүтүрүү тапшырмасын берди.

Ошондой эле шаар базарларында кассалык машиналарды жана электрондук-товардык коштомо кагаздарды киргизүү маселеси талкууланды. Шаар башчысы муниципалдык базарларда кассалык аппараттарды колдонуу боюнча текшерүү жүргүзүү милдетин койду.

Санариптик технологиялар борборуна ЭТТН тиркемесин сынап көрүү жана тиркемени “бир басуу” менен колдонууга жардам бере турган сунуштарды киргизүү тапшырылды.

Бул маселени чечүү боюнча талкуунун жыйынтыгында шаар мэри сатуучуларды ЭТТН менен иштөө боюнча окутууну күчөтүү, ошондой эле райондордун акимдеринин катышуусунда жеринде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча тапшырмаларды берди.

Ошондой эле калаа башчысы кызматтардын алдына базарларга контролдук-кассалык машиналарды киргизүү жана ЭТТН колдонууну жөнөкөйлөтүү боюнча сунуштарды даярдоо жана киргизүү тапшырмасын койду.

Пикир

Оставить комментарий