• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Түтөгөн Бишкек полигону: Жоопкерчиликти бири-бирине арткан жетекчилердин жүйөөсү

Коом 0

Бишкек, 07.09.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Бишкек полигону боюнча маселе көтөрүлдү.

“Тазалык” ишканасынын директорунун кеңешчиси Адил Назаров өткөн жылы "Бишкек санитардык полигон" муниципалдык ишканасынын директору кызматында иштеп турганын эске салды.

“Таштанды келет, аны топурак менен жаап өчүрөсүңбү, маселе чечилбейт экен. Анткени полигонго сутка сайын 1000-1500 тонна таштанды келе берет. Баарын шаардан башташ керек. Мисалы, үйдө эле таштандыны тамак-аш жана катуу калдыктар деп экиге бөлүү зарыл. Мындан сырткары, эки, үч таштанды таштоочу жерди бириктирип, анын оозунда бир киши турат. Жарандар акыр-чикирлерди бөлүп алып келбеген күндө дагы ошол жерден бөлүп алабыз. Ал жерден таштандынын 40 пайызын жеке компаниялар алып кетет. Биз полигон менен күрөшпөй, маселени башынан чечишибиз керек”, - дейт ал.

Назаров Кыргызстанда таштандыны кайра иштетүүчү ишкана жок деп туура эмес маалымат тарап жатканын кошумчалады.

“Бизде тамак-аштан газ чыгарган, нандан жем жасаган мекемелер бар. Тамак-аштан биогумус даярдалууда. Ошондой эле Бишкекте желимди иштеткен 10 чакты компания иштейт. Министрлик колдоо көрсөтсө мен айтып жаткан программалар ишке ашат”, - деди ал.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Бексултан Ибраимовдун пикиринде, жыл башында Бишкек полигонунда текшерүү жүргүзүлүп, бардык экологиялык эрежелердин бузулушу аныкталган.

Нет описания.

“Полигондо бардык калтыктар бир жерде жатат, айланасы курчалган эмес. Көйгөй өтө көп. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча "Бишкек санитардык полигон" муниципалдык ишканасына кат жибергенбиз. Таштандыны кайра иштетүүчү ишкананы куруу боюнча белгилүү бир көйгөйлөр бар. Бирок бул муниципалитеттин компетенциясына карайт. Биз тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, бузууларды аныктап бергенбиз”, - деди Ибраимов.

Пикир

Оставить комментарий