Бишкекте жолдорду капиталдык оңдоо. Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгүнө асфальт басылды

Коом 0

Бишкек, 04.06.24. /Кабар/. Бишкек шаарында Иса Ахунбаев көчөсү капиталдык оңдоодон өтүп жатат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда аталган көчөнүн Чыңгыз Айтматов жана Алиаскар Токтоналиев көчөсү менен чектелген бөлүгүнө асфальттын биринчи катмары басылып бүттү. Анын калыңдыгы 6 см. Эми бир апта ичинде 5 см калыңдыктагы асфальттын экинчи катмары басылат.

Учурда подрядчы ишкана жол тилкесиндеги канализация кудуктарынын айланысынан асфальтты сыйрып, тегерете бетондоп, экинчи катмардын деңгээлине көтөрүү жумуштарын аткарууда.

Курулуш талаптарына ылайык, бетон катыгандан кийин экинчи катмарына майдаланган таш мастик асфальт төшөлөт.

Андан тышкары, Ахунбаев көчөсүнүн Токтоналиев көчөсүнөн Малдыбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө эски асфальт сыйрылып, эки четиндеги бордюрлар демонтаждалып, асфальт басууга даярдалууда.

Эске сала кетсек, Ахунбаев көчөсү Айтматов проспектисинен Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин 4 этап менен капиталдык оңдоодон өтөт. Жалпы узундугу 2,4 чакырым.

Белгилей кетсек, дал ушундай эле капиталдык оңдоо жумуштары Байтик баатыр көчөсүндө да жүрүүдө. Аталган көчө Токомбаев көчөсүнөн Медеров көчөсүнө чейин жабылган. Ортодогу Ахунбаев жана Сүйөркулов көчөлөрү унаа кыймылы үчүн ачык.

Пикир

Оставить комментарий