• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Жол оңдоо: Бишкекте 13 автобустун кыймылы убактылуу өзгөртүлдү

Коом 0

Бишкек, 16.07.24. /Кабар/. Бишкек шаарында жолдорду капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн, 16-июлда Юнусалиев көчөсүнүн Сухэ-Батор көчөсүнөн Сүйөркулов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат.

Ал эми кечээ,15-июлда Байтик баатыр/Абдрахманов көчөсү Кулатов көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды.

Буга байланыштуу №42, 166, 226, 222, 216, 212, 195, 105, 152, 49, 52, 169 жана 145 автобус каттамдарынын кыймыл схемалары убактылуу өзгөртүлдү.

Схемаларды шилтемеден тапса болот.

Пикир

Оставить комментарий