• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Жоломан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө кубогунда алтын медаль утту

Спорт 0

Бишкек, 15.12.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык балбан Жоломан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө кубогунда алтын медаль утту. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтында айтылат.

Мелдеш 12-18-декабрда Белград шаарында (Сербия) өтүүдө.

Финалда Шаршенбеков (60 кг) россиялык Степан Марянян менен кармашкан. Беттеш 4:4 эсебинде аяктап, акыркы упайды Шаршенбеков алгандыгы үчүн алтын медаль ага ыйгарылды.

Эскерте кетсек, кыргызстандык спортчу жарым финалда түркиялык Ахмед Уярды 5:1 эсебинде жеңип алган. Ага чейинки кармашууда молдовалык, белорусиялык спортчуларды жеңген.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстандык балбан Калы Сулайманов 63 кг салмакта, ал эми Руслан Царев 72 кг салмакта грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө кубогунда коло медалдын ээси болушкан.

Пикир

Оставить комментарий