• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

“Жооптуу бол!". Ошто эркектердин саламаттыгын текшерген бир айлык башталды

Аймак 0

Бишкек, 13.02.24. /Кабар/. Ош шаарында жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу максатында эркектер арасында “Жооптуу бол” аттуу бир айлык акция старт алды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Акциянын алкагында Ош шаарындагы үй-бүлөлүк медициналык борборунун дарыгерлери шаардагы мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердеги эркектердин кан басымы, жүрөк кан тамыр, кант диабети ооруларын алдын алуу боюнча ден соолугун текшерип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.

Белгилей кетсек, саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен жарыяланган акция 18 жаштан өйдө мырзалардын ден соолугуна кам көрүү максатында жыл сайын өткөрүлүп келет.

Пикир

Оставить комментарий