• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

ЖОЖдорго абитуриенттерди тандоонун жана кабыл алуунун графиги бекитилди

Билим 0

Бишкек, 15.07.22. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги 2022-2023-окуу жылына жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу графигин бекитти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, сынакка катышуу үчүн талапкерлерди каттоонун:

- I туру - 18-июль саат 8:00дөн 20-июль саат 14:00гө чейин;

- II туру - 25-июль саат 8:00дөн 27-июль саат 14:00гө чейин;

- III тур - 1-август саат 8:00дөн 8-август 14:00гө чейин;

- IV туру - 8-август саат 8:00дөн 10-август күнү 14:00гө чейин;

- V туру – 15-август саат 8:00дөн 20-август күнү 14:00гө чейин.

"Катталгандан кийин окууга сунушталган абитуриенттердин тизмелери илинет, андан кийин абитуриенттер ЖОЖдо окуу каалоосун ырасташы керек. Эгерде бош орундар калган болсо 22-23-24-августта, окууга сунушталган абитуриенттердин кошумча тизмелери илинет", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек ЖОЖго тапшыруу жана сынакка катышуу үчүн абитуриент “Абитуриент Онлайн” автоматташтырылган маалыматтык тутумунун https://2020.edu.gov.kg/vuz сайтына катталуусу керек.

Пикир

Оставить комментарий