Бишкек, 31.07.23. /Кабар/. Кыргызстандын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуунун III туру башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Документтерди кабыл алуу 31-июль саат 08:00дөн, 2-август саат 14:00гө чейин созулат.
Белгилей кетсек, 26-июлда жогорку окуу жайларына абитуриенттерди тандоонун 2-туруна арыздарды кабыл алуу аяктап, 11 миң 598 арыз катталды. Анын ичинен 3 миң 886сы бюджеттик негизде окууга, 7 миң 598и контракттык негизде окууга.
ЖОЖдорго кабыл алуунун I турунда 26 миң 546 арыз катталып, анын ичинен 12 миң 902 абитурент кабыл алынды.
Биринчи турдун жыйынтыгы менен абитуриенттерди эң көп кабыл алган ЖОЖдор:
- Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети – 2 миң 115
- Ош мамлекеттик университети – 1 миң 864
- И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети – 1 миң 563
- Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети – 938
- И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети – 891
- К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети – 811
- И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы – 635
Эскерте кетсек, 2023-2024-окуу жылына карата жогорку окуу жайларына тандоо “Абитуриент онлайн” https://2020.edu.gov.kg/vuz автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу төрт тур менен жүргүзүлөт. Абитуриенттер ЖОЖдун жайгашкан жерине барбай эле электрондук формада арыз бере алышат.
Пикир
Оставить комментарий